• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дубай шаарында вице-премьер-министр мекендештер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан Жашыл экономика боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу алкагында аталган мамлекеттин аймагында жашап жаткан мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаровго мекендештердин жашоо-шарттары тууралуу маалымат берилди, андан соң көйгөйлүү маселелерге тийиштүү маектешүү орун алды.

Вице-премьер-министр бардык сунуштарды угуп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Башкы консулчулугунун иши боюнча мекендештердин пикири менен таанышты.

Жалпысынан иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында убактылуу жашап жаткан 60 жакын мекендештерибиз катышты.

Белгилесек, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулчулугу тарабынан мекендештер үчүн жергиликтүү алдыңкы юридикалык компаниянын тажрыйбалуу адвокаттарынын катышуусунда укуктук семинар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий