• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дубайда дүйнөдөгү эң мыкты мугалимге миллион доллар ыйгарышты

Дүйнө 0


Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Дубайда дүйнөдөгү эң мыкты мугалимге 1 миллион доллар ыйгарышты, - деп жазат Дубайдан расмий Dubai Media Office басма сөз кызматы. Бактылуу мугалимдин ысымы Питер Табичи.

Индиялык бизнесмен Санни Варкейдин кайрымдуулук уюму 2015-жылдан бери "дүйнөдөгү эң мыкты мугалимди" тандап келет. Бул жылы сынакка 179 өлкөдөн 10 миңге жакын адамдан билдирүү келип түшкөн.

36 жаштагы Питер Табичи Кениядагы айылдардын бириндеги орто мектепте табигый илимдер боюнча сабак берет. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, ал эмгектенген мектепте бир гана компьютер бар, бир мугалимге болсо 58 окуучу туура келет.

Ошондой эле Табичи алган маянасынын көбүн муктаж болгон адамдарга берип жүргөндүгү менен да таанымал.

Ири суммадагы сый акынын берилишин Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бен Рашид Аль Мактум тарабынан көзөмөлдөнөт.

Индиядан чыккан ишкер Санни Варкей Жакынкы Чыгышта GEMS Education аттуу жеке бала бакча жана мектептердин ири түйүнүн ачкан.

Пикир

Оставить комментарий