• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дубайда «ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнү өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БАЭ толеранттуулук министри, «ЭКСПО-2020» генералдык комиссары Нахайян бен Мубарак Аль Нахайяна, расмий делегация өкүлдөрү, ишкерлер жана БАЭ жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн мамлекеттик тууларын көтөрүү аземи менен башталып, эки өлкөнүн гимндери да жаңырды.

Андан соң Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Төмөндө анын сөзүнүн текстин толук түрдө келтиребиз.

"Урматтуу Нахайян бин Мубарак Аль-Нахайян мырза!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Ардактуу достор,

Дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чаралардын бардык катышуучуларына жана конокторуна чын жүрөктөн кош келиңиздер демекчимин.

Биринчиден, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине меймандостугу жана кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Биздин өлкөлөрүбүздү жалпы руханий баалуулуктар, тарых жана маданият, достук мамилелер бириктирип турат.

Учурдан пайдаланып, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине жана боордош эмират элине өлкөнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык мааракесине карата куттуктоо сөздөрүмдү жолдойм.

Тарыхый кыска мезгилдин ичинде өлкө жетекчилигинин көрөгөчтүк жана даанышман саясатынын аркасынан, Бириккен Араб Эмираттары турмуштун бардык чөйрөлөрүндө эбегейсиз жетишкендиктерди көрсөтүп, дүйнөнүн жана аймактагы эң алдынкы мамлекеттердин бирине айланды.

«Дубай ЭКСПО-2020» дүйнөлүк көргөзмөнүн ийгиликтүү уюштурулушу – буга ачык-айкын далил болуп берет.

Бул жылы биз дагы өлкөбүздүн улуттук юбилейлик датабызды – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилегенибиз символикалуу.

6 миллиондон ашык калкы Кыргыз Республикасы Евразия чөлкөмүндө стратегиялык мааниге ээ болгон Борбордук Азия аймагын түзгөн беш өлкөнүн бири.

Өлкөбүздүн миң жылдык тарыхы, кайталангыс көчмөн маданияты, көп кылымдык каада-салттары бар. Байыркы доорлордо Улуу Жибек жолу мамлекеттин аймагы аркылуу өтүп, ар кандай тилдеги жана ишенимдеги элдерди бириктирип, Евразия элдеринин цивилизацияларынын тарыхына жана өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизип, илимдердин, идеялардын, маданияттардын өз ара алмашуусуна кызмат кылган.

Билим жана илим бардык убакта экономикадагы жана коомдогу тез өзгөрүүлөрдүн драйверлери болуп келген.

Учурда атаандаштык күчтүү жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономикада зарыл болгон креативдүү идеяларга негизделген «билим экономикасын» өнүктүрүү бүткүл ааламда актуалдуу болуп жатат.

Дүйнө жүзүнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн укмуштуудай инновациялык жана технологиялык долбоорлорду чогулткан ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө ачык байкалып турат.

Көргөзмөнүн «Акылдарды бириктирип, келечекти түзүү» деген темасынын аталышында терең символизм бар, адамзатка биргелешкен эмгек жана кызматташуу аркылуу гана алдыга жылууга болорун эскертет.

Кыргызстан алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен ишенимдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга ар дайым ачык.

Биз Кыргызстандын экономикасына инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз. Биз соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.

Экономиканын тармактарын, мамлекеттик башкарууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү жолу менен тынымсыз бара жатабыз. Ал эми жакын арада турмуштун негизги чөйрөлөрүндө кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга чечкиндүү кадам таштайбыз.

Бул контекстте Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө чын дилден кызыкдар.

Эки тараптуу диалог жана өз ара байланыштар үзгүлтүксүз негизде уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өз ара соода алмашуунун көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эседен ашык өсүп, 47 миллион долларды түздү.

Туризм тармагында кызматташуунун жакшы перспективалары бар. Араб өлкөлөрүнөн, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтерге биздин кереметтүү тоолорубуз, дарыяларыбыз, тоонун таза абасы жана укмуштуудай пейзаждары жагууда.

Биздин маалымат боюнча үстүбүздөгү жылдын тогуз айында, жай айларында Кыргызстанга 4 миңдей эмираттардын жараны келген.

Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташуусу менен бул көрсөткүчтүн туруктуу өсөөрүнө ишенем. Биз ар дайым бардык меймандарыбызга кубанычтабыз.

Ошол эле учурда кызматташуунун ишке ашырыла элек олуттуу потенциалы бар жана бул боюнча активдүү иштерди баштадык. Быйыл Кыргызстанга эмираттык ири компаниялардын өкүлдөрүнөн турган чоң делегация келип, биргелешкен келечектүү долбоорлор аныкталууда.

Кыргызстандын Улуттук күнүнүн алкагында кечээ кыргыз-эмират бизнес-форуму жана туристтик роуд-шоусу өтүп, анын алкагында катышуучулар ортосунда ишкер байланыштар түзүлүп, бир катар келишимдерге кол коюлду.

Эмират тараптын колдоосунун аркасында Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнө катышуубуз өлкөбүзгө инвестиция тартуу процессине салым кошот жана кол коюлуп жаткан документтер ийгиликтүү биргелешкен долбоорлор түрүндө практикалык жүзүндө ишке ашат деп ишенем.

Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик башкаруу жана экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы да биз үчүн маанилүү.

Ошонун негизинде биз Бириккен Араб Эмираттарында гана эмес, башка өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеп жаткан «Мамлекеттик тездеткичтер» механизмин Кыргызстанда изилдөө жана колдонуу боюнча иштерди баштадык.

Эмираттык тажрыйба мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга, өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегияларын иштеп чыгууга жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүнө инновацияларды киргизүүгө мүмүкүнчүлүк берет деп ишенем.

Мамлекеттерибиздин ортосундагы өз ара ишенимге жана колдоого негизделген бир туугандык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берет деп терең ишеним артабыз.

Ардактуу достор,

Сөзүмдүн аягында, иш-чаранын бардык катышуучуларына чың ден соолук жана чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубатчылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Көңүл бурганыңызга рахмат!"

Пикир

Оставить комментарий