• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дубайда өтүп жаткан Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын багы отургузулду

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Дубай шаарында өтүп жаткан Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын багы отургузулду. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмираттары Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлиги Expo-2020 Dubai менен кызматташтыкта 2022-жылы 12-февралда Улуттук айлана-чөйрө күнүнө карата көчөттөрдү отургузуу боюнча иш-чара уюштуруп, ага өлкө-катышуучулардын павильондорунун өкүлдөрү катышты.

"Акция климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн алкагында абага көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн бак-шактарды отургузуунун маанилүүлүгүн белгилөөгө арналды. Министрлик катышуучулар арасында көчөттөрдү бөлүштүрүп, андан соң ар бир мамлекет аларды Expo-2020 Dubai өсүмдүктөр питомнигинде отургузушту", - деп айтылат маалыматта.

Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министри Мариам бинт Мохаммед Альмхейринин айтымында, акыркы 50 жылда айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын жана био көп түрдүүлүктү сактоо БАЭнин бирден бир стратегиялык приоритеттеринин бири болчу жана мындан ары да боло берет. Бул иш-чарада өлкөлөрдү бириктирүү менен бактарды отургузуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн эң жөнөкөй, бирок натыйжалуу чарасы экени көрсөтүлүүдө.

"Бүгүн биз жөн гана көчөттөрдү отургузуп жаткан жокпуз. Бул көчөттөр – климаттык көйгөйлөргө кабылып жаткан дүйнөгө кыйкырык жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга салым кошуу үчүн ЭКСПОнун катышуучу-мамлекеттери, коноктору менен кызматташууга мүмкүнчүлүк", - деди БАЭнин эл аралык кызматташуу боюнча мамлекеттик министри жана Expo-2020 Dubai иш-чарасынын башкы директору Рим бинт Эбрахим Аль-Хашеми.

БАЭ 2022-жылы 4-февралда 25-чи Улуттук айлана-чөйрө күнүн белгилеп, анын урматына уюштурулуучу иш-чаралар 4 ай бою – 5-июнда белгиленүүчү Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнө чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий