• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дубайдагы 79 кабат имаратта өрт чыкты

Дүйнө 0


Бишкек, 4-август /Кабар/. Бейшембиден жумага караган түнү Дубайдагы эң бийик турак үйлөрдүн бири Torch Tower имаратында өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бул тууралуу Dubai Media Office билдирген. 79-кабаттуу турактын 9-кабатында башталган өрт өйдө карай жайыла баштаган. Жарандык коргоо жана полиция күчтөрү өз убагында жашоочуларды эвакуациялап калышкан. Жапа чеккендер жок.

Полиция өкүлү өрт 9-кабатта башталып, бир нече кабат жогорулаганын билдирген. Социалдык тармактардагы видеодо имараттын үстүнкү бөлүгү күйүп жатканы байкалат.

Өрттөн жабыркагандарга коңшу Princess Tower, Dubai Media Office имараттарынан убактылуу орун берилди.

2015-жылы ушул эле имаратта ири өрт чыгып, элиталык үйдүн миңдеген жашоочулары эвакуацияланган.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий