• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйшөнбек Зилалиев КР вице-премьер-министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Исаковдун сунушу боюнча кабыл алынды. Сунушка Дуйшенбек Зилалиевдин башка ишке өткөндүгү негиз болгон.

Пикир

Оставить комментарий