• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Дунгандар ассоциациясынын президенти Карим Ханжаза: Сооронбай Жээнбеков камкор президент болот!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.09.17 /Кабар/. "Биздин тандоо ачык-айкын – бул Сооронбай Жээнбеков!". Бул тууралуу Москва районунун жаштарынын атынан сүйлөгөн КР Дунгандар ассоциациясынын президенти Карим Ханжеза Чүй областынын Москва районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Биздин тандообуз Сооронбай Жээнбеков – куру убадаларды бербеген, реалдуу сөздүн ээси. Мен ишенем, Сооронбай Жээнбеков кыргыз көчүнүн улуу жолун улайт. Бул жөн гана бийик сөздөр эмес, бул рухий-моралдык идея! Мен силерди Сооронбай Жээнбековго добуш берип, жакындарыңарды, тууган-туушканыңарды, жоро-жолдошторуңарды биздин талапкерди шайлоого үгүттөп кетүүңөрдү суранам. Москва районунун жаштары Сооронбай Жээбековду тандайт!», - деп айтты Карим Ханжеза

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 30.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий