• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Дунган сулуусу-2017” аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 13-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 12-июлда Бишкекте “Дунган сулуусу-2017” аныкталды. Бул титул үчүн 17 сулуу ат салышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, Дунган сулуусу титулун дунган улутундагы Амина Юнусова жеңип, Түркияга 10 күнгө эки кишилик жолдомону илип кетти.

Аталган сынак “Кыргызстандагы дунган ассоциациясы” жана Дүйнөлүк сулуулар Конгресси тарабынан уюштурулган. Иш чара адеп, ыйман жана маданият жылына арналган.

Сынактын катышуучуларынн баарына демөөрчүлөрдөн белектер берилди.

“Дунган сулуусу-2017” сынагы ар бир үч жылда, дунган диаспорасынын мыктыларын бириктирүү максатында өткөрүлүп келет. Сулуулар сынакта калыстарга бир эле сулуулугун эмес, жөндөмдүүлүгүн, дунган элинин каад салты, тарыхы боюнча билимдерин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий