• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбе – Алматы каттамы туманга байланыштуу запастагы аэродромго жөнөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Душанбеден Алматыга учуп чыккан Тажикстандын “Тажик Эйр” улуттук авиакомпаниясынын учагы калың туманга байланыштуу коно албай, запастагы аэродромго жөнөтүлдү.

Алматы аэропортунун учуу-конуу таблосундагы маалыматка караганда “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын 7J4897 каттамы кечигүүдө. Жергиликтүү маалымат агенттиктери аэропорттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен учак Шымкенттеги аэродромго жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Мындан тышкары туманга байланыштуу бир катар жергиликтүү авиакомпаниялардын каттамы да кечигип жатканы маалымдалды.

Басма сөз кызмат тараткан билдирүүгө ылайык, экипаждын жана аба кемесинин тиешелүү категориясы болсо, аэропорт “калың туман” учурунда дагы бортторду кабыл алууга даяр. Алматы аэропорту жүргүнчүлөргө каттамдардын убактысын алдын ала тактап алууну сунуштоодо.

Пикир

Оставить комментарий