• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Душанбе авиажаңжалдын санкциясыз чечилишин каалайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Тажикстан Душанбе менен Москванын ортосундагы авиациялык жаңжалды коркутуулар же санкцияларды киргизүү жолу менен эмес, консультациялык жолугушуулар менен сүйлөшүулөрдү өткөрүү аркылуу чечүүнү каалайт. Бул тууралуу тажик ТИМи билдирди.

Мекеменин 3-апрелдеги расмий билдирүүсүндө Душанбе басым жасоо ыкмаларын колдонууну натыйжайсыз деп эсептей турганы жана эки жактын тең авиациялык ишканаларына зыян келтире турган орус тараптын чараларына тынчсызданып жатканы жазылган.

ТИМ Тажикстан келишилген макулдашуулар боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана Орусиянын авиациялык бийликтери менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда өлкөлөр ортосундагы авиаташуулардын 60% Орусиянын компанияларына туура келет.

«Өлкө өкмөтү тарабынан Жарандык авиация агенттиги түзүлгөн. Кырдаалга байланыштуу, тажик тарап орусиялык авиаташуучулардын каттамдарды аткаруусуна уруксат берүү жана бекитүү маселелерин убактылуу токтоткон», - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн авиабайланыш маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Тажикстандын делегациясы Москвага барышы керек. Делегация курамында авиакомпаниялардын, Транспорт, Тышкы иштер жана Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий