• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйшөмбү Багдад балдар үйүндөгү тажикстандык жетимдердин туугандарын издөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 25.08.17 /Кабар/. Россия бийлиги Душанбеге Багдаддагы балдар үйүндө жашаган үч баланын тек-жайын тактоо өтүнүчү менен кайрылды. Аларды Мосул шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан бошотуу маалында Ирактын борборуна чыгарып кетишкен. Тажикстан ИИМи кабарлагандай, үч бала тең тажик тилинде сүйлөйт.

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умарджони Эмомали үч баланын тек-жайын тактоо жана алардын туугандарын издөө боюнча Москвадан кат келгенин тастыктады. “Бирок бул узак иш. Анын үстүнө балдардын экөө ата-энелери жөнүндө эч нерсе айта алышпайт”,-деди ал. Учурда Египетте төрөлгөн Марьям аттуу кыздын ата-энесин издөө иштери жүрүүдө. Анын атасы – тажик. “Биз акыркы он жылда Египеттен чыгып кеткендердин тизмесин түзүп жатабыз, кыз болсо болжол менен 7-8 жашта. Анын сүрөтүн Ирак жана Сириядагы жоочулардын туугандарына көрсөтүп жатабыз”,-деди Умарджони Эмомали.

Тажик чиновниктеринин Ирак бийлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу тажикстандык жетимдердин тегин тактоо үчүн укук коргоо органдары Россиянын Ирактагы элчилиги менен кызматташууда.

Расмий маалыматтар боюнча, 250 тажик бала Ирак жана Сириянын согуш аймактарында жүрөт. Тажикстан бийлиги аларды ата-энелери менен бирге мекенине кайтаруу үчүн аракет көрүп жатканын маалымдоодо.

Пикир

Оставить комментарий