• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбе көчөлөрүнөн эски "маршруткалар" алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Душанбенин борбордук көчөлөрүнөн «Старекс» үлгүсүндөгү кичи автобустар алынды. 1-майдан тарта № 2, 8, 13, 16 и 25 каттамындагы коомдук унаалардын иши токтотулду. Бул линиялар протоколдук трассалар аркылуу өтчү.

Шаар бийлиги маалымдагандай, алардын ордуна эми автобустар менен «Спринтер» маркасындагы кичи автобустар каттай баштайт. «Старекс» үлгүсүндөгү унаалар шаарга 10 жыл мурун алынып келген, бирок салондорунун тардыгы жана отургучтарынын ынгайсыздыгынан улам, жүргүнчүлөргө жакчу эмес.

Душанбенин шаардык транспорт ишканасынын өкүлү Курбон Холов «Старекстер» калаа ичинде тыгындарды жаратып келгенин айтты.

«Аларды шаардын четине чыгарууга бир нече себеп бар. Биринчиден – борбор калаага заманбап автобустар келди. «Старекстер» эскирди жана шаардын көрүнүшүн бузууда. Бир жагынан бул кичи автобустар өтө тар болчу, жайында ысыктан дем алуу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө Душанбе көчөлөрүндөгү кыймылдардын интенсивдүүлүгүн төмөндөтүү дагы керек», - деди Холов.

Шаар бийлиги жыл соңуна чейин бардык кичи автобустарды жаңы автобустарга жана троллейбустарга алмаштырууга үмүттөнүүдө. Учурда Душанбеде 1777 кичи автобус бар, алардын ичинен 900ү «Старекс» үлгүсүндөгү минивэн болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий