• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбе-Хожент унаа жолуна кар көчкү түштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Тажикстандын түндүк бөлүгүн өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырып турган жалгыз жол эсептелген Душанбе-Чанак трассасында унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган жолду тейлеген IRS компаниясы кабарлады.

Маалыматка караганда, трассадагы автоунаа кыймылын токтотууга кар көчкүсүнүн түшүүсү, ошондой эле анын көчкү түшүү коркунучу бар бөлүктөрүнүн жабылышы себеп болду. Азырынча трассанын качан ачылары белгисиз.

Компания учурда жолдун 67-чакырымында кардан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирип, айдоочуларды абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырууда.

Душанбе-Чанак автоунаа жолу IRS компаниясынын тейлөөсүнө жана көзөмөлүнө 2009-жылы өткөрүлүп берилген. Ошондон бери айдоочулар жол менен пайдаланганы үчүн компанияга акы төлөп келишет. IRS’нин чыныгы ээсин аныктоо боюнча жарандык коомдун буга чейинки көп жолку аракеттеринен майнап чыга элек.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, Тажикстан Душанбе менен Хоженттин ортосундагы унаажолду реконструкциялоого 296 миллион доллар жумшаган. Бул сумманын 281 миллион долларын Кытай 2% менен 20 жылдык мөөнөткө насыяга берген. Жолдогу курулуш иштери менен Кытайдын жол-курулуш компаниялары алектенген. Трассанын жалпы узундугу 354 чакырымды түзөт. Анда 39 көпүрө жана үч чоң туннель бар.

Акыркы сутка ичинде Душанбе-Чанак жолунан тышкары кар көчкүсү Хорог-Ишкашим, Хорог-Мургаб жана Хорог-Душанбе трассаларына түшүп, алар убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий