• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбе-Хожент жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Ашуулардагы калың карга байланыштуу Душанбе-Хожент-Чанак трассасында чиркегичи бар жүк ташуучу унаалар менен фуралардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды.

Тажикстандын бардык аймактарында 19-ноябрга караган түнү калың кар жааган. Анын алдында Гидрометеорология агенттиги 18-21-ноябрда суук түшүп, өрөөндөрдө жаан карга айланарын, тоолуу аймактарга калың кар түшөрүн эскерткен.

Душанбе-Хожент-Чанак жолун тейлеген IRS компаниясы жүк ташуучу унаалардан башкалары ээн-эркин жүрө аларын кошумчалады.

Соцтармактардын айрым колдонуучулары калың кардан улам Душанбе-Хожент-Чанак жолунда автоунаалардын жүрүшү кыйындаганын билдиришти. IRS ушул тапта кар тазаланганын айтууда.

Innovative Road Solutions компаниясы 2009-жылы Виргин аралдарындагы офшордо каттоодон өткөн. 2010-жылдан бери анын филиалы Тажикстан өкмөтү менен келишим түзүп, автожол инфраструктураларын башкарып келет.

Тажикстандагы акы төлөнгөн Душанбе-Чанак жолунун узундугу 410 чакырымды түзөт. Трасса Согди облусун Душанбе менен байланыштырып турат.

Пикир

Оставить комментарий