• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Душанбе мектептерине милициялык рейд киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Мындан ары ар бейшемби сайын Душанбе мектептериндеги сабактарга милиция кызматкерлери катышып, окуу процессинин жүрүшүнө байкоо салып турушат.

Маалыматка караганда, калаа бийлигинин тапшырмасы менен ар бейшемби сайын 500дөн ашык милиция кызматкери Душанбедеги 140 мектепке жана башка окуу жайларга барып турушат.

Мындан тышкары мугалимдер тартип сакчыларга апта сайын отчет берип, сабак өтүүгө ким тоскоол кылып жаткандыгы жана кайсыл окуучулар эмне себептен окууга келбей калгандыгы тууралуу маалыматтарды тапшырып турууга милдеттендирилди.

Душанбе мэриясынын өкүлүнүн айтымында, мындай рейддер өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган. Жакында эле Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси мектеп директорлору менен жолугуп, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүп жатканын жана алардын көбүн мектеп окуучулары түзө турганын билдирген.

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 10 миңден ашык өспүрүм кылмыш кылган. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын айтымында, буга биринчи кезекте мугалимдер тараптан окуучуларга тиешелүү деңгээлде көзөмөл болбой жатканы себеп болууда.

Мугалимдер мындай милиция рейддерин кубаттап жатышат. Алардын айтымдарында, бийликтин бул демилгеси балдарды тарбиялоодо жана алардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштеринде мугалимдерге жардам гана болот. «Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук тууралуу видеолорду тартып, окуучуларга көрсөтсө жакшы болмок. Бул аларга өз таасирин бермек деп ойлойм», — деди борбордогу №24 мектептин дирокторунун орун басары Озода Юлдошева.

Ал ортодо директорлорго эгер окуучулардын кылмыштары жашырылып, бийликке маалымат берилбей турган болсо, анда мектеп жетекчилери жазалана тургандыгы боюнча эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий