• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Душанбе менен Тегеран виза режимин жеңилдетүү ниетинде

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Душанбе менен Тегеран эки өлкө жарандары үчүн виза берүүнү тездетүү жана жеңилдетүү зарылдыгын белгилешти. Бул маселе 11-12-ноябрда Тегеранда өткөн тажик-иран консулдук кеңешмесинин жүрүшүндө талкууланды.

Акыркы жылдары ирандыктар үчүн Тажикстанга виза алуу шарттары кыйла катаалдаштырылган. Атын атагысы келбеген Душанбедеги ирандык жарандын билдиришинче, онлайн режимде виза алуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган.

«Виза алуу үчүн сөзсүз Тегеранга баруу керек. Өзүң болушуң керек. Бул болсо кошумча чыгым жана убакытты талап кылат. Менин эки досум Тажикстанга келгиси келип жаткан, бирок виза алуу үчүн 1000 чакырым жол басып, Шираздан Тегеранга барууга туура келген. Мындан улам алар Тажикстанга эмес Грузияга барууну чечишти», – деди ал.

Быйыл жайында бир нече айлык тыныгуудан кийин Иран менен Тажикстандын ортосундагы авиакаттам калыбына келтирилген. Бирок ошондо эле айрым жүргүнчүлөр виза алуу көйгөйүн белгилешкен.

Тажикстан бийлиги болсо чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде ирандыктар үчүн виза алууда маселе жок деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий