• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбе мэринин атынан «фейк» баракча ачкандар изделүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.06.18./Кабар/. Душанбе мэриясы калаа башчысы Рустами Эмомалинин атынан Фейсбукта фейк баракча ачкан адамдарды аныктоо өтүнүнүчү менен өлкөнүн Ички иштер министрлигине кайрылды. Бул тууралуу 18-июнда мэрдин расмий өкүлү Абдумажид Усмонзода билдирди.

Учурда Фейсбук түйүнүндө Рустами Эмомалиге таандык делген үч фейк баракча бар. Анда шаар акимчилигинин ишмердүүлүгү тууралуу жаңылыктар жарыяланып турат. Борбордун ондогон жашоочулары мэрдин социалдык түйүнгө кире баштаганын кубаттап, айрымдары шаардагы кызматтардын ишине даттанууларын жазып, чарбалык маселелерди чечүүгө жардам сурап кайрылышкан.

​«Бул баракчалар – фейк, Душанбе мэрине эч кандай тиешеси жок. Рустами Эмомалинин Фейсбукта бир дагы баракчасы жок. Бул баракчаларда кемсинткен сөздөр жок болсо дагы, биз аларды ким ачканын аныктап берүү өтүнүчү менен ИИМге кайрылдык. Азыр текшерүүнүн жыйынтыктарын күтүп жатабыз», - деди Абдумажид Усмонзода.

Буга чейин Душанбе мэриясынын атайын сайты иштеп келген. Анда жарандар түрдүү маселелер боюнча шаар бийлигине кайрылып турушкан. Аларга жооп берип, маселелерди чечүү үчүн калаа башчысы тарабынан атайын жооптуу кызматкерлер бекитилген.

Ал сайт 2017-жылы январда, мурдагы мэрдин ордуна президент Эмомали Рахмондун улуу баласы Рустами Эмомали дайындалгандан кийин жаңыланбай калган.

Пикир

Оставить комментарий