• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбе паркына өзбек акыны Алишер Навоинин ысымы ыйгарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. “Жаштардын 50 жылдыгы” атындагы Душанбе паркы мындан ары өзбек акыны жана ойчулу Алишер Навоинин ысымын алат. Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы парк эки элдин достугунун символу болот.

Тиешелүү буйрукка 5-мартта кол коюлуп, шаар мэриясына паркка Алишер Навои менен анын досу жана устаты, тажик жазуучусу Абдурахмон Жоминин эстелигин тургузуу тапшырмасы берилди.

Бул арада 6-мартта Душанбеге «Made in Uzbekistan» өндүрүш товарларынын көргөзмөсүнө катышуу үчүн өзбек ишкерлеринин жоон тобу келди. Иш-чара Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 9-мартка белгиленген мамлекеттик сапарынын алкагында өтөт.

Көргөзмөгө Өзбекстандын 400дөн ашуун өндүрүш компаниясы катышат.

Пикир

Оставить комментарий