• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбе Самаркандда тажик тилдүү мектеп курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Тажик бийлиги Өзбекстандын Самарканд шаарына 640 окуучуга ылайыкташкан тажик тилдүү мектеп курат. Тиешелүү келишимге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл мартта кол койгон.

Документке ылайык, өзбек тарап бул үчүн атайын жер тилкесин бөлүп берип, курулуш аянтында иштеген тажик жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылып берет. Ошондой эле документте мектептин курулушу менен алектене турган компаниялар бажы төлөмдөрүнөн бошотула турганы жазылган. Курулушу аяктагандан кийин мектептин имараты Самарканд акимчилигине өткөрүлүп берилет.

Өзбекстанда тажик улутундагы жарандар көбүнчө Бухара, Самарканд, Наманган жана Сурхандарья аймактарында жашайт. Маалыматка караганда, совет мезгилинде Өзбекстанда 380 тажик тилдүү мектеп иштесе, акыркы 25 жылдын ичинде алардын саны кыйла кыскарып кеткен.

Жыл башында Өзбекстанда жашаган тажик улутундагы жарандар эки өлкөнүн президенттерине ачык кат жазышып, тажик тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигине байланышкан маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. Беш айылдын 100дөн ашык тургуну кол койгон катта мугалимдер жетишпегендиктен өлкөдөгү тажик тилдүү мектептер жабылып калышып мүмкүндүгү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий