• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Душанбе шаарынын аянты кеңейтилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Душанбе шаарынын аянты 7,7 миң гектар жерге кеңейди. Борбор калаанын четиндеги бир нече конуштар калаанын карамагына өттү.

Тажикстандын архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жамшед Ахмадзода билдиргендей, учурда Душанбенин аянты 20 миң 318, 25 гектарды түзөт.

Шаардык администрацияга берилген аймактарга өнөр жай ишканалары, көп кабаттуу үйлөр, мектептер, ооруканалар, жолдор жана башка объектилер курулат.

“Душанбе шаарынын башкы планы жөнүндөгү” токтомго ылайык, 2040-жылга карата Тажикстан борборунун аянты 25 миң гектар аянтка чейин кеңейиши керек.

Ички миграция жана төрөлүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу Душанбеде калктын саны 1 миллион кишиден ашты.

Күн мурун Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмурод айылдан келгендерге шаарда жашоо эрежелерин үйрөтүү керек экенин билдирген. Борбор калаада жашагандарга мал кармаганга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий