• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Душанбе "ТАТ" темир жол курулушунан баш тартпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Душанбе Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан (ТАТ) темир жол долбоорун ишке ашыруудан баш тартпай турганын билдирди.

Тажикстан Транспорт министрлиги билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу уланууда, үч өлкө делегациясы акыркы жолу бул маселе боюнча былтыр жыл аягында чогулушкан. Тажик бийлиги өлкө аймагы боюнча өтө турган каттамды тактады. Эми Кабул темир жол салына турган тилкелерин аныкташы керек.

Тажикстан Транспорт министрлиги Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолу альтернативдүү жол болорун белгиледи.

20-сентябрда орусиялык "Коммерсант" басылмасы Тажикстандын Өзбекстандагы элчиси Имоми Содик Ашурбойзодага шилтеме берүү менен Душанбе Түркмөнстандан Тажикстанга Ооганстандын түндүгү аркылуу темир жол салуу идеасын кийинкиге жылдырганын жазган. Бирок элчи 24-сентябрда “Коммерсантка” мындай маалымат бербегенин билдирген.

​"Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин жандануусу тууралуу кеп болгон. Мен жолдордун ачылышы менен экономикалык кызматташуу өнүгүп, эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү көбөйгөнүн айткам. Башка сөз болгон эмес. Тажикстан эч качан аймактагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордон баш тартпайт жана аларды ишке ашырууга жигердүү катышат. Биз жакын арада Ашхабадга ТАТ темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча өз позициябызды түшүндүрүп, кат жөнөтөбүз", - деди Содик Ашурбойзода Имоми.

2013-жылы Гурбангулы Бердымухаммедов, Эмомали Рахмон жана Хамид Карзай Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан трансооган коридорун түзүүгө макулдашып, курулуштун долбоору боюнча Меморандумга кол коюшкан. 2016-жылы ноябрда Түркмөнстан өз аймагына караштуу тилкеде темир жолун салып, Ооганстан чек арасына алып барып такаган.

Пикир

Оставить комментарий