• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбе тажик-ооган чек арасында "Ислам мамлекетинин" жоочулары жок экенин билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.1.19 /Кабар/. Тажикстандын Чек ара аскерлери башкармалыгы тажик-ооган чек арасында “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары жок экенин билдирди.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Мухаммад Улушходжаевдин айтымында, чек арада абал туруктуу, коркунуч болсо биринчи Тажикстанга маалым болмок:

– Чек арага кошумча аскерлерди жана техникаларды тартууга негиз жок. Экинчи линияда Тажикстандын Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү бар.

Ооган тарап дагы өлкөнүн түндүк бөлүгүн жоочулар каптап жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин Орусиядан ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов Пакистандан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери белгисиз тик учактар менен массалык түрдө Тажикстандын чек арасына ташталып жатканын айткан. Ал бул аймакта "ири масштабдагы чагым" пландалып жатканын, бул Орусияга кедергисин тийгизиши ыктымал экенин болжолдогон.

“Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысы Ажмал Ариандын билдиришинче, буга чейин Кундуз провинциясында ооган-тажик чек арасында Кабул бийлигине каршы куралдуу топтор жайгашып жатканы тууралуу айың кептер тараган. Алар менен кошо Тажикстан өкмөтүнө тиш кайраган жоочулар да бар экени айтылган.

“Бирок Пакистандан тик учактар менен жоочулардын чек арага ташталып жатканы тууралуу маалыматты уккан эмеспиз. Ооганстандын түндүк аймактарында ИМ тобунун активдүүлүгү байкалган жок. Расмий мекемелер дагы муну тастыктабайт. Ал жакта талибдер гана бар”, – деди Ажмал Ариан.

Тажикстандын аймагында Орусиянын №201 аскердик базасы бар. Анда 6 миңдей жоокер кызмат өтөйт.

Пикир

Оставить комментарий