• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде 22 кабаттуу Эл аралык көргөзмө борбору курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Душанбеде 22 кабаттуу Эл аралык көргөзмө борбору курулат. Бул тууралуу 29-январда Тажикстандын Курулуш жана архитектура комитетинин төрагасы Жамшед Ахмадзода билдирди.

Анын айтымында, борбордун биринчи кабатында эки чоң көргөзмө залы болот. Калган кабаттарында жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен компаниялардын кеңселери жайгашат.

«Мындан тышкары мейманкана өңдүү башка бардык инфраструктуралык шарттар дагы каралган. Борбор шаардык автобекеттин маңдайындагы 5 гектар аянтка курулат», — деди Ахмадзода.

Болжолдуу смета боюнча борбордун курулушуна 200 миллион сомони (21 миллион долларга жакын) керектелет. Долбоорду ишке ашырууга кытайлык жана индиялык компаниялар кызыкчылыктарын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий