• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбеде абактан качууга аракет кылган адам атып өлтүрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Душанбедеги №4 түрмөдөн качууга аракет кылган адам атып өлтүрүлдү. Окуя 21-октябрга оогон түнү болгон, бирок бул тууралуу дүйшөмбү күнү гана белгилүү болду.

— 21-октябрда камактагылардын бири түрмөдөн качууга аракет кылып, дубалга жармашып чыга баштаган. Күзөтчүлөрдүн талабына баш ийбей койгондуктан, ок атылып ал өлтүрүлгөн. Абак кызматкерлеринин бири снаряддын сыныгы тийип жарадар болгон, — деп билдирди аталган түрмөдөгү өз булак.

Жаракат алган күзөтчү шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ок атылган маалда снаряддын сыныктары анын далысына тийип, эс-учун жоготкон, учурда абалы жакшы.

Тажикстандын тарыхында камактагылар абактан жапырт качкан эң ири учур 2010-жылы 23-августта катталган. Анда 25 адам бир нече күзөтчүнү өлтүрүп, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан качып кетишкен. Аларды колго түшүрүү операциясы 2011-жылга чейин созулуп, жыйынтыгында сегизи өлтүрүлүп, калганы кайрадан камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий