• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Душанбеде базардын ордуна 26 кабаттуу комплекс курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Душанбедеги «Жашыл базардын» ордуна 26 кабаттуу комплекс курулат. Ал «Ёкут мунаралары» деп аталып, анда батирлер жана коммерциялык объектилер жайгашат.

Бириккен Араб Эмираттарынын Harmony art компаниясы даярдаган долбоорду ишке ашыруу менен «Ёкут-2000» курулуш компаниясы алектенген.

Маалыматтарга караганда, имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында кеңселер, ошондой эле бейтапкана жана бала бакча жайгашат. Калган 24 кабатында турак-жай батирлери болот.

Дизайнерлердин айтымдарында, «Ёкут мунараларынын» долбоору Дубайдагы Dubai gate турак-жай комплексин элестетет.

Акыркы жылдары тажик борборунун архитектуралык көрүнүшү кыйла өзгөрдү. Шаардын негизги көчөлөрү эсептелген Рудаки жана Айни көчөлөрүн бойлой заманбап бийик кабаттуу имараттар тургузулду.

Душанбенин башкы планы советтик архитекторлор тарабынан өткөн кылымдын 80-жылдары даярдалган. 2013-жылы шаардын жаңы башкы планы жактырылып, совет мезгилинде курулган борбордогу ондогон имараттарды бузуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий