• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде Бажы кызматынын маалымат катчысына кол салуу болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 14-октябрга караган түнү Душанбе шаарынын чок ортосунда белгисиз кишилер Тажикстан Бажы кызматынын маалымат катчысы Фахриддин Собировго кол салышкан.

Ал ооруканага жеткирилди, абалы оор.

Фахриддин Собировдун туугандары билдиргендей, 14-октябрда белгисиз кишилер аны башка чаап, андан соң качып кетишкен. Кол салуунун себептери бегисиз. 51 жаштагы бажы кызматкери маалымат борбордун башчысы болуп бир жума мурун дайындалган.

Тергөө иштери башталды, кол салууга шектүүлөр изделип жатат.

Улуттук медициналык борбордун дарыгерлеринин билдиришинче, Собиров оор жаракат алган, мээсине кан куюлуп кеткен. Төрт сааттык операциядан кийин анын абалы оор бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий