• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери сурак берүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн кызматкери Сафарбек Сатторов Душанбе борборунда бейтааныш аялга кол көтөргөнү үчүн суракка алынды.

centralasian кызматы кабарлагандай, борбор калаада аял сабаган милиция кызматкеринин аты-жөнү аныкталды.

“Сафарбек Сатторов ИИМдин атайын бөлүгүнүн кызматкери болуп эсептелет. Тергөөчүлөргө сурак берип жатып, аял көчөдө бакырып-өкүрүп жүргөнүн, аны тынчтандырууга аракет жасаганын, бирок аял тартип сакчысына асылганын билдирген. Сатторов чыдабай кетип аялды жаакка чаап жибергенин мойнуна алган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, токмок жеген Мадина Шамсова психикалык жактан жабыркайт.

Кылмыш иши козголо элек. Бул боюнча ички териштирүү бүткөн соң чечим кабыл алынат.

Тартип сакчы көчөдө бейтааныш аялды сабаганы тартылган видео социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерине кайрылып, аял оорукчан экенин айтышкан, бирок ал тыңдаган эмес. Бул видео тажик интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Пикир

Оставить комментарий