• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде бекер Wi-Fi зоналары пайда болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Душанбенин борбордук парктарында Wi-Fi зоналары пайда болду, ал жерде шаар тургундары жана коноктору жогорку ылдамдыктагы интернетти бекер колдоно алышат.

Мындай зоналар шаардын беш паркында болот, азырынча Садриддин Айни менен Ахмад Дониш атындагы парктарда Wi-Fi бар.

Паркта сейилдеп жүргөн Мастона Абдуллоева интернет аркылуу Орусияда иштеген туугандары менен сүйлөштү. Анын айтымында, мобилдүү интернет арзан эмес, мындан улам дайыма эле алыстагы жакындары менен байланыша албайт. “Эми бул жакка келип, бекер Wi-Fi колдонуп, чет өлкөдө жүргөн туугандарым менен сүйлөшө алам”, – деди ал.

Парктын кызматкери Юсуфжон Исмоилзоданын билдиришинче, акыркы жумада сейилдегендердин саны кескин өстү. Жаштар түнкү 12ге чейин паркта отурушат.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 3 миллион киши Интернет колдонот. Мобилдүү Интернетин баасы аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогору, бирок ылдамдыгы жай.

Пикир

Оставить комментарий