• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 1,5 миң жөө адамга айып пул салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Душанбеде «Жөө жүргүнчү» рейдинин алкагында бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 1,5 миңден ашык адамга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жөө адамдар көбүнчө жолдун уруксат берилбеген бөлүктөрүнөн өтүп, авариялык абалдарды жаратышат.

Тажикстанда жол эрежесин бузган жөө адамдарга 6 сомони 88 дирам (0,6 доллар) өлчөмүндө айып пул каралган.

«Жөө жүргүнчү» рейди 11-ноябрда башталып, 21-ноябрга чейин уланды.

Пикир

Оставить комментарий