• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбеде Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы коронавируска байланыштуу кийинкиге жылдырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн Душанбеде чөлкөмдөгү эң чоң жаңы мечиттин ачылыш аземи кийинкиге жылдырылды. Салтанат 12-мартта Катардын эмиринин катышуусунда өтмөк.

Борбордук чоң мечиттин аянты 12 гектарды түзөт. Намазга жыгылуучу жайы, китепканасы, музейи, чогулуш өткөрүүчү залы бар. Мечит ар бири 75 метрлик төрт мунарадан турат.

Мечиттин курулушу 2009-жылы башталган. Долбоордун наркы – 100 миллион доллар, 70% Катар, калганын Тажикстан өкмөтү каржылады.

Ага бир эле учурда 120 миң киши батат. Муну менен ал чоңдугу боюнча Түркмөнстандагы Түркмөнбашы Руху, Кыргызстандагы Имам Сарахси мечитинен да озуп кетти.

Пикир

Оставить комментарий