• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде “элдик таксилердин” акысы кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Тажикстанда бензин менен суюлтулган газдын баасы кымбаттагандан бери, жол кире да көтөрүлдү. Душанбеде “элдик таксилердин” акысы мурдагыдай 5 эмес, 7-8 сомонини (0,6 доллар) түзүүдө.

Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги бул боюнча үн ката элек. Транспорт министрлиги күйүүчү майлардын кымбатташы менен жол кире эле эмес, жүк ташуу акысы да көтөрүлгөнүн билдирди.

Тажикстандын Статистика агенттиги июлда бензиндин баасы алты айда 44,5 пайызга кымбаттаганын кабарлаган.

Статистика боюнча Тажикстанга суюлтулган газдын 90 пайыз Казакстандан келет. Казакстан 2021-жылдын аягына чейин газ жеткирүү токтотула турганын эскерткен.

Душанбеде "элдик таксилер" коомдук транспорттордун каттамы менен жүрүп, бирок лицензиясы жок иштешет. Арзан, жеткиликтүү болгондуктан, эл арасында кеңири колдонулуп келген.

Пикир

Оставить комментарий