• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбеде камактагылар кыйноолорго даттанышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Душанбеде №4 түзөтүү абагындагы камактагыларды кыйноого алуу жана алардан акча талап кылуу фактылары текшериле баштады.

26-мартта чет өлкөдөгү тажик оппозициячыларына таандык «Ислох» сайтына камактагылар тобунун Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысынын атына жазган каты жарыяланган. Анда аларга катаал мамиле жасалып, абактын жетекчилери менен кызматкерлери акча талап кылып, сабап, кыйноого ала тургандыктары жазылган.

«Абактын камактагылар бетон жерде уктаган жерлери бар. Ким 1500-2000 сомони берсе, аны башка жерге которушат. Үй-бүлөсү менен узак мөөнөткө жолугуу үчүн күнүнө 100 сомониден талап кылышат. Мыйзам боюнча ар үч айда туугандарыбыз менен үч күн жолуга алабыз. Бул үчүн акча алынбашы керек. Бирок акча бербесең болгону эки сутка гана жолуктуруп коюшат. Буга 700-800 кишиге ылайыкташтырылган абакта 2500 адам кармалып турганын айтып, жолугушуу бөлмөлөрү аз экендиги сыяктуу түрдүү себептерди айтышат», - деп жазышкан каттын авторлору.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров бул айыптоолорго ишенбей турганын, бирок баары бир катта жазылган маалыматтар текшерилерин билдирди.

Буга чейин тажик бийлиги бир канча жолу Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун өкүлдөрүнүн абактарга кирип, камактагылардын укуктарынын корголушуна мониторинг кылуусуна уруксат берүүдөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий