• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбеде КМШ ӨБК жыйыны кеңири курамда өтүүдө

Саясат 0

Душанбе, 01.06.18. /Кабар/. Тажикстандын борбору Душанбеде Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны кеңири курамда башталды.

Кыргыз делегаттарын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жетектөөдө.

Кенен курамдагы талкууда катышуучулар тарабынан Энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу концепциясына жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планына, КМШга мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюусу пландаштырылууда.

Буга катар гуманитардык блокто «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоорунун талкуусу өтөт.

Жалпысынан КМШ ӨБК жыйынынын күн тартибинде 14 маселе каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий