• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Душанбеде коомдук транспорттор дезинфекцияланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Тажикстан бийлиги коронавирустун алдын алуу чараларынын алкагында коомдук транспорттор жана эл көп жүргөн жерлер дезинфекцияланарын маалымдады.

Душанбе шаардык мэриясы кабарлагандай, бүгүнкү күндө 360 автобус, 105 троллейбус жана 300дөн ашуун кичиавтобус иштеп жатат. Аткаминерлер дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү экенин билдиришүүдө.

Коомдук транспорттор күн сайын эки маал – эртең менен жана кечинде хлорлонот.

Бул арада вирустун алдын алуу үчүн бала бакчаларда, мектептерде жана башка айрым мекеме-ишканаларда дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Эми ооруканалар, көзөмөл-өткөрмө бекеттер, аэропорттор да хлор менен тазаланат.

Тажикстанда коронавирус илдети каттала элек.

Расмий Душанбе коронавирустун алдын алуу боюнча программа иштеп чыкканын билдирип, эл аралык каржы уюмдарына жардам сурап кайрылган. Расмий маалыматтар боюнча 1-февралдан 27-мартка чейин чет өлкөлөрдөн Тажикстанга келген 6000ге чукул киши карантинге алынган.

Пикир

Оставить комментарий