• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Душанбеде КР менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон өзгөчө көңүл бурууну талап кылган чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташууларына байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Андан сырткары, жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча негизги маселелер каралды.

Өз кезегинде Кашкар Жунушалиев “Бүгүнкү күндө коңшу эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлге жетти деп билдирди.

"Акыркы жылдардын аралыгында ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрүнүн бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын активдүү мүчөлөрү кармалды. Министрликтердин кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди күчөтүү керек”, - деп белгиледи.

Министрликтердин жетекчилеринин жолугушуусунда республикалардын чек арага чектеш райондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу жана башка эки тарап кызыктар болгон бир катар маселелер талкууланды. Ошондой эле биздин өлкөлөрдү укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү чек арага чектеш аймактардагы укуктук тартипти бекемдөөнү жакшыртуу менен кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча өнөктөштүк мамиле байланыштыраары белгиленди.

Түзүмдүн башчысы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Тажикстандагы кесиптештеринин иш-тажрыйбалары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий