• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбеде курулушчулар 33 метрлик бийиктиктен кулап түшүштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Душанбе шаарынын борбордук мечитинде иштеп жаткан онго чукул курулушчу 33 метрлик бийиктиктен кулап түштү. Прокуратура бул факт боюнча териштирүү ишин баштады.

"Окуя 25-февралда мечиттин төбөсүндө монтаж иштери жүрүп жаткан маалда болду. Күтүүсүздөн шатылар кыйрап, курулушчулар жерге кулап түшүштү. Болжол менен сегиз киши “тез жардам” унаасы менен Улуттук медициналык борборго жеткирилди", – деди жумушчулардын бири.

Борбордук мечитте иштеген башка бир курулушчу Мухаммадали Султоновдун айтымында, жумушчулар коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес.

Курулушчулар иран компаниясында иштешкен. Улуттук медициналык борбордон билдиргендей, жабыр тарткандардын биринин абалы оор.

Борбор Азиядагы эң ири мечит болот деп салынып жаткан объектинин пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Ал 12 гектар аянтты ээлейт. Мечиттин долбоору Тажикстан жана Катардын адистери тарабынан даярдалган.

Душанбенин Борбордук мечитине бир эле учурда 120 миң киши батат. Муну менен ал Түркмөнстандагы "Түркмөнбаши Рухы", Кыргызстандагы "Имам Сарахси" мечиттеринен дагы чоң болот. Долбоордун наркы 100 миллион долларга бааланган. Анын 70 пайызын Катар, 30 пайызын Тажикстан өкмөтү каржылайт.

Учурда объектиде 300дөн ашуун киши иштейт, пландалган жумуштардын 75 пайызы бүттү.

Пикир

Оставить комментарий