• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өтөт

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. 5-апрелде Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкы башкармалыгы билдиргендей, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссия Ворух анклавы менен Баткен облусунун Ак-Сай айлындагы талаштуу тилкелерге байланыштуу маселелерди карайт.

Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан.

Расмий делегациялардын беш күндүк сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, 18-мартта буулган жолдор ачылган. Мындан тышкары Кыргызстан Ак-Сай - Тамдык, Тажикстан кыргыз айылдарын айланып өтө турган Исфара–Сомониен – Ворух жолдорун кура турган болгон.

Учурда чек арага жакын аймактардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, алардын ичинен учурда 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон.

Пикир

Оставить комментарий