• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясын Разаков жетектейт

Саясат 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйынына катышат.

Кыргызстандык делегациянын курамына өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Пикир

Оставить комментарий