• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болду

Саясат 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы – кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси О. Хожазода менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашты жана пикир алышты.

Кыргызстандын элчиси Абдылдаев 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экендигин ырастады.

Өз кезегинде, Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы О. Ходжазода тажик тарап топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий