• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбеде мамлекеттик сырды жайылтууга шектелген подколковниктин иши карала баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. 29-июлда Тажикстан Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы өлкөнүн Чек ара башкармалыгынын мурдагы басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаевдин ишин карай баштады.

36 жаштагы Улугхожаев быйыл апрелде «мамлекеттик сырды жайылтуу» айыбы менен кармалган. Анын иши жашыруун тергелип, айыптоолор боюнча Улугхожаевдин өзүнүн позициясы дагы белгисиз.

Өлкөнүн Жогорку соту угуулар жабык өтөрүн билдирди. Шектүүнүн адвокаты тергөөнүн сырын жайылтпоо милдеттенмесин алганын айтып, иштин чоо-жайын билдирүүдөн баш татты.

Улугхожаевдин жакындары сот адилеттүү өтүп, иш объективдүү каралат деп үмүттөнүп жатышканын билдиришти. Алар подполковниктин абалы жакшы экенин жана кармоо шарттарына эч кандай дооматтары жок экенин кошумчалашты.

Буга чейин өз булактар Улугхожаев кайсыл бир чет өлкөлүк уюмга жашыруун документтерди берген деп шектелип жатканын билдиришкен.

Подполковник кармалгандан он күн өткөндөн кийин анын апасы Зебо Улугхожаева атайын кызмат өкүлдөрү уулунун батиринде тинтүү жүргүзүшкөнүн кабарлаган. Анда ал баласы кайсыл иш боюнча шектелип жатканын билбестигин айткан.

Улугхожаев Тажикстандын Технологиялык университетинин физика факультетин бүтүргөн. Буга чейин «Азия-Плюс» агенттигинде, Тажикстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2009-жылы Чек ара башкы башкармалыгына которулуп, 2014-жылы мекеменин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий