• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбеде мектеп жарманкелери ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Тажикстандын баш калаасындагы бардык райондордо мектеп формаларын жана окуу куралдарын саткан атайын жарманкелер ишин баштады.

Душанбе мэриясынан билдиришкендей, жарманкеде жалаң ата-мекендик өндүрүштөгү өнүмдөр сатылгандыктан, андагы баалар базардагыдан кыйла арзан.

«Жарманкеде сатылып жаткан мектеп формасы базардагыдан арзан, бирок сырткы көрүнүшү жана материалынын сапатсыздыгы жакпай турат», — деди Мухаббат атту шаар тургуну.

2015-жылдан бери Тажикстанда балдар үчүн мектеп формаларын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн гана сатып алууга болот. Үч жылдан бери ата-энелердин көбү бул эрежеге нааразылык билдирип, укуктары бузулуп жатканын айтып келишет.

«Нассочи точик» аттуу ишкананын директору Хушмахмад Жомахмадовдун айтымында, алар январдан июнга чейин 90 миңден ашык мектеп формасын тигишкен. Өлкөдө мындан тышкары мектеп формасын тигүү менен алектенген дагы бир нече ишкана бар.

Пикир

Оставить комментарий