• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде окуучулар бычакташып, бирөөсү жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. 30-апрелде Душанбеде болгон мектеп окуучуларынын ортосундагы бычакташуунун жыйынтыгында 11-класста окуган бир өспүрүм жаракат алды.

Шаардагы №101 мектептин жаракат алган окуучусу Фарход Махмадназаров ага белгисиз балдар күтүүсүздөн бычак менен кол салганын айтууда.

​«Мен аскер колледжинде окуган байкеме бут кийимин жеткирип келаткам. Жолдо классташыма жолугуп, сүйлөшүп турганбыз. Ошол маалда бир нече бала күтүүсүз кал салды. Алар бизди алысыраакта турган балдар менен алмаштырып алышкан окшойт. Алардын бири мени көрүп, урбагыла, булар эмес экен деп кыйкырды», - деди жабырлануучу.

Улуттук медициналык борбордон билдиришкендей, өсмүрүм оң колунан жаракат алган. Учурда дарыгерлер анын кыймылсыз болуп калган үч манжасын сактап калуу аракетин көрүшүүдө.

Өлкө ИИМи бул иш боюнча бир өспүрүм кармалып, дагы бир нечеси суракка чакырылганын кабарлады. Укук коргоо органдары окуяны «бейбаштык» деп сыпаттап, кеңири маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин бериле турганын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий