• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Душанбеде прокуратура бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкеринин ишин текшере баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук прокуратурасы бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкеринин ишин кайрадан текшере баштады. Окуя 21-мартта болгон.

Милициянын ага кызматкери Сафарбек Махмадсаидзода социалдык түйүндөрдө тараган жаңжалдуу видеодон кийин жумуштан бошотулган.

Сафарбек Махмадсаидзода 33 жаштагы Мадина Шамсованы уруп-согууга айыпталууда.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булагы кабарлагандай, учурда прокуратуранын тергөөчүлөрү документтерди текшеришүүдө. Жакында бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алынат.

Тартип сакчы көчөдө бейтааныш аялды сабаганы тартылган видео социалдык түйүндөр аркылуу 21-мартта тараган. Тасмада окуяга күбө болгондор милиция кызматкерине кайрылып, аял оорукчан экенин айтышкан, бирок ал тыңдаган эмес. Бул видео тажик интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умаржони Эмомали токмок жеген аял психикалык жактан жабыркай турганын тастыктап, учурда ал дарыланып жатканын билдирди. Окуя болгон күнү Мадина Шамсова көчөдөгү кишилер менен урушуп, жаңжал чыгарган, нары-бери өткөндөрдүн бири аны тынчтандыруу үчүн милиция кызматкерин чакырган.

Пикир

Оставить комментарий