• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде өрт чыккан базар бир жумада калыбына келтирилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Душанбенин өрт чыккан «Султони Кабир» базарындагы зыянга учураган соода жайлары бир жуманын ичинде калыбына келтирилип, ишкерлерге өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу аталган базардын директору Султон Кабиров билдирди.

«Бүгүн Душанбе мэриясынын кызматкерлери келишти. Соода жайларды калыбына келтирүү үчүн бизге бир жума убакыт берилди. Өрттү андан ары жайылтпай токтотуп калган өрт өчүрүүчүлөр менен укук коргоо органдарына рахмат. Антпесе чыгым мындан дагы көп болмок», — деди ал.

Душанбедеги эң ири базарлардын бири эсептелген «Султони Кабирде» өрт 2-июнь кечинде саат 8дерде башталып, аны төрт сааттан кийин өчүрүүгө мүмкүн болгон. Өрттөн бир нече кампа жана 20дан ашык соода жайы күйүп кеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрттүн чыгымдары 100 миң сомониден (11 миң доллардан ашык) ашкан.

3-июнда Душанбе мэриясы өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын ыкчам-иликтөө тобу түзүлгөнүн билдирген. «Өрт жайылган жалпы аянт 1230 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша, каза болгондор жок», — деп билдиришкен мекемеден.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз. Бирок жоромолдордун бири катары ысык аба ырайында коопсуздук эрежелери сакталган эмес деген версия каралууда.

Пикир

Оставить комментарий