• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбеде ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ӨБКнин тар форматтагы жыйыны башталды

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18./Кабар/. Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. Иш-чара Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расузлоданын катышуусунда ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн делегаттарынын саламдашуусу менен башталды.

Иш-чаранын башында Тажикстандын премьер-министри сөз сүйлөп жатып аталган жолугушуу маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүндүк бере тургандыгын билдирди.

"Биз мүчө мамлекеттер менен жана Шанхай кызматташтык уюмунун органдары менен тыгыз өз ара аракет принциптерин карманабыз. Алдыга коюлган максаттарды, мамлекет башчылары тарабынан берилген тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшадык. Мындай биргелешкен ишмердүүлүк уюмдун алкагында өз ара аракетти мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, аймактык жана эл аралык иштерде анын ролунун жогорулашына, жаңы документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөктөштү”, - деди Кохир Расулзада.

Ал ошондой эле аталган жолугушуу ШКУнун алкагында экономикалык жана гуманитардык кызматташыкты кеңейтүүгө багытталган практикалык өз аракет маселелерин талкуулоого жол ачарын белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгында өкмөт башчылар көп тараптуу экономикалык кызматташтыктын программасынын жаңыртылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алышат.

Белгилей кетсек, азыркы программага ылайык, ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыттары катары энергетика, транспорт, телекоммуникациялар, айыл чарба, туризм, кредиттик-банктык тармак, суу чарба жана жаратылышты коргоо тармактары, кичи жана орто бизнестин субъектилеринин ортосунда түз байланыш менен көмөктөшүү аныкталган.

“Аталган багыттардын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун, кызматташтыктын азыркы потенциалын эске алуу менен, биз жаңыртылган программаны иштеп чыгууда документ инфраструктуралык мүнөздөгү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду камтыш керек деп эсептейбиз“, - деди Расулзада.

Пикир

Оставить комментарий