• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбеде өз жанын кыйгысы келген кыз куткарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Тажикстандын борборунда Душанбинка суусуна боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кызды күбөлөр куткарып калышты.

Душанбенин Фирдавси райондук милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя 16-январь түштө болгон.

Маалыматка караганда, борбордун 18 жаштагы тургуну текстиль комбинатынан алыс эмес жердеги көпүрөдөн боюн таштаган. Бирок окуянын күбөлөрү аны өз учурунда суудан чыгарууга жетишишкен.

Кыздын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Иш боюнча тергөө иштери уланууда. Жабырлануучу учурда ооруканада.

2016-жылы Тажикстанда адамдар өз жанын кыйган же суицидге аракет кылган 327 факты катталган. Былтыр февралда куткаруучулар Душанбинка суусуна секирген 18 жаштагы дагы бир кыздын өмүрүн сактап калышкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий