• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Душанбедеги азык-түлүк сатылбаган базарлар убактылуу жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Душанбе бийлиги шаардагы азык-түлүк сатылбаган бардык базарларды 12 күнгө, 30-апрелден 10-майга чейин толук жапты. Бул аралыкта базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Калаа бийлиги мындай чечимин «шаар тургундарынын саламаттыгына кам көрүү жана коронавирустун алдын алуу» чаралары менен түшүндүрдү.

Расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек. Бийлик акыркы айда каза болгон адамдар коронавирустан эмес, башка оорулардан көз жумганын билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий