• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Душанбедеги коомдук Wi-Fi түйүндөрүнө көзөмөл күчөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Душанбе бийлиги сейил бактардагы, ресторандардагы жана окуу жайлардагы коомдук Wi-Fi түйүндөрүнө карата көзөмөлдү күчөттү.Тиешелүү чечим шаардык акимчилик тарабынан 15-ноябрда кабыл алынган.

Ага ылайык, мындан ары баш калаанын коомдук жайларындагы бекер Wi-Fi түйүндөрүнө кошулууну каалаган ар бир жаран атайын коддорду алат. Алар аркылуу бийлик интернеттин колдонулушун көзөмөлдөп турат.

Калаа бийлиги бул чечим «маалыматтык коопсуздукту коргоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын», мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө бар экенин жана ал «эл аралык стандарттарга туура келерин» билдирүүдө. Эксперттер болсо бул бийликтин бекер Wi-Fi колдонгон жарандар тууралуу маалымат алуу жана алардын интернеттеги аракеттерине көзөмөл кылуу аракети болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

«Акылдуу шаар» мамлекеттик ишканасынын өкүлү провайдерлер колдонуучулардын маалыматтарын бийликке бербей турганын, бирок алар тыюу салынган сайттарга кирсе, маектешүүгө чакырылышы мүмкүндүгүн билдирди.

— Эгер абонент тыюу салынган сайтка кирсе, ал бизге көрүнөт. Биз ал колдонуучуну чакырып, суроолорду беришибиз мүмкүн, — деди мекеме өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий