• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Душанбедеги «Саховат» базарында өрт чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. 30-декабрга караган түнү Душанбедеги «Саховат» базарындагы үч ашканада өрт чыкты.

Тилсиз жоонун кесепетинен эки ашкана толугу менен, бирөө жарым жартылай күйүп кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу кабар түнкү саат 2.30да түшкөн. Базардын 1500 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү иштери бир саатка уланган.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети кырсыктын себептерин иликтеп, келтирилген зыянды эсептөө үчүн атайын комиссия түздү.

Тажикстан базарларында буга чейин да өрт кырсыктары катталып келген, буга көбүнчө коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий