• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбедеги "Султони Кабир" базарында өрт чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. 25-январь күнү эртең менен Душанбедеги курулуш материалдарын жана тиричилик техникаларын саткан «Султони Кабир» базарында өрт чыкты.

Маалыматка караганда, өрт таңкы саат 7де тутанып, эки сааттан кийин өчүрүлгөн.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) базардагы өрт электр зымдарындагы мүчүлүштүктөн улам келип чыкканын маалымдады.

Ушул тапта базарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери курчоого алып, ишкерлер менен соодагерлерге ичкери кирүүгө убактылуу тыюу салынды.

ИИМ билдиргендей, жалпысынан 610 чарчы метр аянт күйүп кетти. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок. Алдын ала эсептөөлөр боюнча өрттүн чыгымы 71 миң долларды түздү.

Душанбедеги эң чоң базарлардын бири болгон «Султони Кабирде» 2018-жылы да өрт чыгып, 20дан ашык дүкөн жана соода түйүндөрү толугу менен күйүп кеткен. Жалпы чыгым 390 миң долларга жеткен.

«Султони Кабир» базары 2000-жылы 5 гектарды ээлеген жерге курулган. Ал жерде 1700дөй ишкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий